2026-11-12

Факультетибизде иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү


Факультетибиздеги билим берүү программаларын өнүктүрүү жана кайра карап чыгуу процесстеринин алкагында иш берүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулду. Деканатта 2026-жылдын 12-ноябрында саат 14.00дө өткөн жыйынга декандын м.а., декандын орун басары, ага окутуучубуз жана тармактагы төрт компаниянын ээлери болгон иш берүүчүлөр катышты.

«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолунун алкагында эмгек секторунун талаптары менен академиялык билим берүүнүн шайкештигин арттырууну көздөгөн жолугушууда тармактагы учурдагы иш процесстери жана иштөө динамикасы, факультетибиздин корпоративдик натыйжалуулугун жогорулатуу, мекемелердин санариптик чөйрөгө ыңгайлашуусу, студенттерибиздин тажрыйба топтоосуна багытталган стажировка программаларын уюштуруу, ошондой эле бүтүрүүчүлөрүбүздүн окууну аяктагандан кийинки ишке орношуу жана карьералык мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу маселелер талкууланды.

Өз ара пикир алмашуудан жана кызматташуу сунуштары каралгандан кийин жолугушуу жакшы каалоо-тилектер менен жыйынтыкталды.